Элдик репортер: Он жылдан бери курулушу бүтпөгөн бала бакча
Новость KTRK/videograp

Жыл сайын Кыргызстанда мектеп менен бирге эле бала бакча тартыштыгы да жаралууда. Ал ортодо жеке тараптарга өтүп кеткен бала бакчанын имараттары да кайтаралып жатат. Бала бакчанын тартыштыгы айрыкча  Бишкек шаарынын айланасындагы конуштар отурукташкандан кийин көбөйдү. Бул жолу дагы ушул конуштардын биринен кайрылуу келген.

Аламүдүн районунун Кара-жыгач айыл өкмөтүнө караштуу Бек-Тоо айылындагы бала бакчанын курулушу мындан 10 мурун 2008-жылы башталган. Маалымат жөнөткөндөрдүн айтуусунда бала бакчаныны курулуш иштерине олчойгон акча каражаты бөлүнгөн. Бирок пайдубалы гана көтөрүлгөн бойдон турат. 

Курулушу башталып, орто жолдо калган бала бакча тууралуу кайрылбаган жерибиз калган жок. Айылда бакчага муктаж үй бүлө көп. Мамлекеттен бөлүнгөн акча каражатын ортодо бирөөлөр жеп кетишти. Быйыл коррупционерлерге каршы күрөш катуу жүргүзүлүп жаткандыктан, биздин бала бакчага бөлүнгөн акчанын да ордун тургузаар деген үмүттөбүз.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.