Таштанды маселеси учурда коомдогу эң олуттуу көйгөйгө айланды. Таштандылар айлана-чөйрөгө эле эмес, адам баласынын ден соолугуна да зыяндуу кедергисин тийгизет. "Элдик репортер" рубрикасына окурманыбыз таштанды маселеси боюнча билдирүү жиберген. Анын айтымында,
Чүй облусуна караштуу Москва районунун Беловодск айылындагы Колхозная көчөсүндө таштандыны эч эле тазалабай коюшту.
Айыл өкмөтү көңүл бурбай койду. Жанындагы мечитке күнүгө барабыз, ал жактан абдан начар жыттар жыттанып турат жана салафандар учуп айлана чөйрөнү булгап жатат.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.