Элдик репортер: Жеке тарапка өтүп кеткен бала бакчанын имараты
Новость KTRK/videograp

Быйыл өкмөт тарабынан жеке тараптарга өтүп кеткен бир нече бала бакчанын имараттары кайрадан мамлекетке өткөрүлүп, көпчүлүк бул кабарды кубануу менен кабыл алышты эле. Бирок бала бакчага муктаждык күч алып жатканда, мындан башка дагы жеке тараптардын колуна өтүп кеткен имараттар четтен саналат.

Алардын бири Сокулук районунун Селекция айылындагы бала бакча. 

Айылдын ичиндеги бала бакчабыз минтип жеке тарапка өтүп кеткен. Айла жок алыска каттоого туура келет. Күнүгө балдар менен алыс жолдо жүрүүнүн өзү канча түйшүктү  жаратат. Ушул жеке тарапка өтүп кеткен, имаратты кайра мамлекетке кайтарып алууга болор бекен? 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.