Элдик репортер: Ош шаарындагы башаламандык качан жөнгө салынат?
Новость KTRK/videograp

Акыркы күндөрү Ош шаарында тазалыкты, тартипти таназарга албаган башаламандык көбөйдү. Базардын жанындагы көчөлөрдүн жээги адам бастырбай турган  базарга айланып кетти. Мурун ушул нерсе бир тартипке салынды эле, бирок жакындан бери кайра башталды. Ал тургай жол жээкте олтуруп соода кылгандардан атайын акча чогулткандар бар экен. Шаардын көркүн бузуп, тургундарга ыңгайсыздык жараткан мындай көрүнүшкө шаар мэри качан көңүл буруп, чара колдоноор экен, - деп кайрылган бизге маалымат жөнөткөн шаар тургуну.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.