Борбор калаадагы "Ак кула" ат майдан менен анын айланасына түшкөн үйлөрдүн ортосунда тосмо жок. Анысы аз келгенсип, кыдырата түшкөн дааратканалары ат майдандын ичинен көзгө түшүп турат. Ат майданга тиешелүү жерди үйлөрдүн чегинен бөлүп, ортосуна тосмо койбосо биз го кыргыздар маани бербейбиз. Алыстан келген конокторго уят го. Мындай сунушу менен ат майдандагы азыркы учурдагы көрүнүшүн бийиктен видеого тартып алган окурман кайрылган.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.