POST1RIGHT
Көчмөндөрдүн 3-дүйнөлүк оюндары түрдүү иш-чараларга бай болот. Алардын бири Кырчын жайлоосунда өтө турган ашпоздордун күрөшү. Ага 10 ашык мамлекеттин белгилүү ашпозчулары чакырылды. Ар бир катышуучу көчмөн шартта даярдалган мыктык тамактарын көрсөтөт.
Фестивалда Азербайжан, Казакстан, Монголия, Орусия, Румыния, Сауд Арабиясы, Түркия, Өзбекстан, Түштүк Корея жана Кыргызстандын белгилүү ашпоздору күч сынашат. Ар бир өлкөнүн ашпозчулары үч түрдөгү тамакты жасашат.
Максаты - мамлекеттердин ашканасы менен тааныштыруу жана даамдардын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүү. Кыргызстандын атынан тамак майрамына Бишкектеги мыкты деп эсептелген белгилүү ресторандардын ашпозчулары катышат.