"Элдик репортер" рубрикабызга буга чейин Боомдогу таштан тизилип жасалган Кыргызстандын желеги өңү өчүп, буга көптөн бери эч ким маани бербей жатышканы тууралуу окурмандардан нааразылыктар келген.
Бүгүн, бул жагдай жөнгө салынып, өңүнөн кеткен желегибиз кызыл түскө боелуп, оңдолгону тууралуу маалымдалган кабар келди. Желек
Ысык-Көл облусунун архитектура башкармалыгы жана Көк-Мойнок айыл өкмөтү тарабынан боелгон.



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.