Элдик репортер: Лабораторияда кезек күтүп чарчаган шаар тургундары
Новость KTRK/videograp

Кара-Балта шаарында окуучуларга медициналык текшерүүдөн өтүүгө талап коюлуп жаткандыктан, таңкы 5тен лабораторияга келип кезекке турабыз. Бирок медайымдар жумушунда убагында келбей, лаборатория кеч ачылып, шаар тургундарын кыйнап жатышат- деген шаар тургундарынын атынан кайрылуу келген.

Алардын айтуусунда шаардык үй бүлөлүк оорукананын лабораториясына 3-4 сааттап кезекке турушат. Анысы аз келгенсип кеч ачышат да, 1 саат гана адамдарды кабыл алып, калганын кийинки күнгө калтырышат.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.