Кыргызстандын аймагында мектептер 100%га окуу жылына даяр деп министрлик төш какканы менен айрым жерлерде окуу жылына саналуу күндөр калса да ачылып-чачылып жаткан, эч кандай даярдыгы жок мектептер бар. Алардын бири Ош облусунда.
Өзгөн районунун Куршаб айылындагы Ысмайыл Бектемиров атындагы мектептин капиталдык ремонту жаңыдан гана башталды. Окуу жылына саналуу күндөр калды.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.