"Элдик репортер" рубрикасына Өзгөн шаарынын тургуну төмөндөгү маселе менен кайрылган.
Бул көрүнүш Өзгөн шаарынын борбордук көчөсүндөгү базардын айланасы. Өзгөн шаарынын мэрин бир ойготуп койсо жакшы болот эле, уктап жатышат баары. Шаардын тазалыгына көңүл бурулбайт. Бул Бишкек-Ош жолунун боюнда, меймандар, чет элдиктер көрө турган жер. Ар күнү ушундай көрүнүш таштандыга толгон. Борбордук көчөнүн аталышы Манас.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.