Элдик репортер: Тиешелүү нормаларды сактабаган оор жүк ташуучу унаалар
Новость www

"Элдик репортер" рубрикасына Кант шаарынын тургуну чоң жолдогу башаламандык жөнүндө видео материал келген. Материалда жүк ташуучу ГАЗ-53 үлгүсүндөгү унаа шагыл менен чоң трассада үстүндө эч кандай жабуусу жок, анысы аз келгенсип борттору да жыртык бойдон кетип бараткандыгын айтат окурман. 

Шагыл тешиктерден чачырап жолго түшүп жатат. Шагылдагы таштар унаамдын капотуна тийип атат, лобовойго тийип, сынса эмне болот? Эмнеге коопсуздук каралган эмес? - деп кошумчаланган видеого.

Жүк ташуучу авто унаалар жөнүндө келген бул биринчи эле маалымдама эмес экендигин белгилеп кетүү зарыл. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.