Видеодогу Маяковский менен Фере көчөсүнүн кесилишиндеги көрүнүш. Ар күнү Абдрахманов көчөсүндө кичине эле тыгын болуп калса эле, ушул көчө менен каттап калышат. Жеңил унаалар гана эмес маршруттук таксилер да жүрөт. Бир жылдан ашты ушундай көрүнүш. Чалбаган жерибиз калган жок. Чоңдор карап да койгон жок. Жолдо тротуарда жок. Балдарыбызды сыртка чыгаргандан да коркуп калдык. Ушул маселени чоңдор карап койсо жакшы болмок эле,- дейт "Элдик репортер" рубрикасына кайрылган окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.