Элдик репортер: Мектептин спорт залы качан курулуп бүтөт?
Новость KTRK/videograp

Курулуш иштери башталып, бирок аягына чыкпай орто жолдо калган спорт залдын багы качан ачылат?  Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Капчыгай айылындагы мектептин спорт залынын курулуш иштери мындан 6 жылдай мурун башталган. Улам шайлоо болоор алдында улам бир нерсесин жасатып коюшат да, ошол бойдон унутта калат. Атайын куруп, акча коротулгандан кийин мээнетти текке кетирбей, тургузуп коюшса окуучуларга түзүлгөн жакшы шарттардын бири болот эле деген пикирин айтат айыл тургуну.



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.