"Жаз жарыш..." болуп жаздын келээри менен шаар тургундарын, өзгөчө авто унаа ээлерин азапка салып жол оңдоо иштери башталган. Азыркыга чейин да уланууда. Бирок ага карабастан "Элдик репортер" рубрикасына жол маселеси боюнча келген маалымдамалар азайган жок. Бул жолу да шаар тургуну Шопоков/Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги аллеянын кейиштүү абалын видеого тартып жиберген. Капкагы жок, ачык люк, аңгыл-дөнгүл жолду көрүп шаар борбору деп айтууга ооз барбайт. Анысы аз келгенсип трасса менен аллеянын ортосундагы тротуардын ортосун бүтөп коюшкан эмес. Арык ачык бойдон турат. Кары-картаңдар, балдары менен ата-энелер кантип өтүшү керек?
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.