Элдик репортер: Бозумчак кенине каттаган унаалар айылды чаңга ороп жатат
Новость

Чаткал районунун  Шекафтар айылы аркылуу  Бозумчак кенине күнүнө 10дон ашык оор жүк ташыган унаалар каттайт. Алар катуу ылдамдыкта каттагандыктан айылдын ичи бопбоз тумандын алдында калат. 

Чаңдын айынан корообузга эккен мөмө-жемиштерибиз бышпай, үйүбүздүн ичине чейин чаң басып жатат. Кир-кообузду кургата албай убара болобуз.Чаңдын айынан аллергия деген балээ да көбөйдү. Жолду асфальттап берип койгула деп айыл өкмөтүнө кайрыла берип тилибиз тешилди. Бирок жыйынтык жок. Карапайым калк канчага чейин кыйналыш керек?

Айласы түгөнгөнгөн айыл тургундары кенге каттаган жолду асфальттап берип коюшса деп бийлик өкүлдөрүнө үмүт менен кайрылат.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.