КР мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу тууралуу БУУнун конвенциясын ратификациялоого даяр
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Кыргызстан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу тууралуу БУУнун конвенциясын ратификациялоого даяр. Учурда документти ратификациялоого даярдоо боюнча өкмөт иш алып барууда. Маселе өкмөттүк жыйында талкууланды. Өкмөт башчынын пикиринде конвенцияны ратификациялоо эл аралык коомчулуктун эмес жарандарыбыздын алдындагы милдет.

Кыргызстан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу тууралуу БУУнун конвенциясы ратификациялашы керек экенин белгилеген Премьер-министр бул документти даярдоонун маанилүүлүгүн билдирди. Ошону менен бирге өкмөт башчы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар мыйзамга ылайык мамлекеттик органдарга толук кандуу жумушка орношо алат. Бирок бул талап аткарылбай жатканын билдирди.