Элдик репортер: Борбордук көчөсү базар менен автобекетке айланган Кербен шаары
Новость

Аксы районундагы Кербен шаарынын борбордук көчөсү базар жана автобекетке айланып калды. Райондо жайгашкан чоң базар жана автобекет иштебей бош эле бойдон турат. Эмне үчүн ошол базарды жана автобекетти ишке салса болбойт? Жогорууда айтылган кемчиликтерге Кербен шаарынын мэриясы тарабынан эч кандай жумуштар жүргүзүлгөн жок. Аксы районунун 90 жылдыгына карата деле тартипке салып койсо болмок,-дейт "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жиберген окурман.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.