Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган ат майданы толук даяр
Новость KTRK/videograp

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган ат майданы толук даяр. Азыркы тапта адистер бардык техникалык кароо иштерин жүргүзүп, текшерүү иштери менен алек. POST1RIGHT


Көчмөндөрдүн бүйүр кызыткан оюндары мурдагылардан да кызыктуу, өзгөчө өткөрүлгөнү турат. Айрыкча оюндардын ачылыш жана жабылыш аземиндеги оюн-зоок, концерттик программалар көрүүчүлөргө күтүлбөгөн белек болот. Бул багытта 28-августтан бери бир миң жети жүз адам ат майданда ачылыш аземге карата даярдык иштерин жургүзүшүүдө. 


Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына саналуу гана күндөр калды. Мындан улам баардык кызматтардын бир айдан берки камылга иштери соңуна чыкты. 28-августтан бери ат майданда бир миң жети жүз адам ачылыш аземине байланышкан театралдашкан көрсөтүүсүн даярдоодо. Башкы режисер Алтынбек Максүтовдун билдирүүсүндө бул иш чарага өз ыктыяры менен тартылган балдар эртеден кечке чейин тыным албай иштешүүдө.

Көчмөндөр оюндарын коомдук биринчи канал түз алып көрсөтөт. Буга техникалык жактан Матч твнын адистери көмөк көрсөтөт. Адистер азыр баардык техникалык даярдык маселелери чечилгенин айтышууда.

Азыр ат майданында баары ойдогудай болушу үчүн кошумча жарык берүү иштери жүргүзүлдү. Көрүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн чоң экрандар коюлду. Ал эми ат майданынын аймагына кошумча элүү таштанды челектери орнотулду. Мындан сырткары кошумча ажатканалар коюлууда.