Элдик репортер: Сапатына эмес кооздугуна көңүл бурулгандай...
Новость

Быйыл бүткөн жол кийинки жылга жетпей талканып, бир түбү тогуз миң сомдук көчөттөр өспөй эле четинен куурап атат. Минтип жоопкерчиликсиз мамилени күчөтө берсек, аягы кандай болот? 

Жибек-Жолу көчөсүнүн автовокзалдан башталган жеринен, Фучик көчөсүнө чейинки орнотулган тосмолор учурда сырты сыйрылып, кейпи кете баштаптыр. Тосмолордун коюлганына ашып кетсе 2-3 жылдын жүзү болду. Эптемей оокатты качан токтотобуз? Сапат жагына качан көңүл бөлүнөт?  Бул тосмолорду койгон компания темирлерди боеп, өң түскө келтирип жатканда, тиешелүү  талаптарын аткарган эмес.   Ушундай эптемейден көрө, арзаныраак дарактарды кыркалат тигип койсо түбөлүктүү болот эле.- дейт бизге маалымат калтырган окурман.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.