Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу базарынын жанындагы Кара-Суу - Бишкек каттамына жүргүнчүлөрдү ташыган унаалардын жана ага жакын жайгашкан мектептин так ортосунда айланасы тосулган таштанды төгүлгөн жер бар. Бул жердеги таштандыларды негизи алып кетип алыска төгүп турушу керек эле. Бирок тилекке каршы күндө тоодой үйүлгөн таштанды жеринде эле өрттөнүп жатат. Анын айланасында соода-сатык кылгандар жана айдоочулар мындай көрүнүшкө айласыз моюн сунгандай. Бирок окуу жылы башталганы турат. Түтүн түптүз барып мектепти каптайт экен. Окуучулар эмне таштандынын түтүнүнө ууланып билим алышы керекпи?- деп биздин рубрикага жергиликтүү тургундардын атынан кайрылуу түшкөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.