Ош шаарындагы стадиондун жанындагы Ломоносов көчөсүндө арыктын ичи таштандыга толуп, андан ашкан суу ар кайсыл тарапка жайылып агууда. Бул жер Ош шаардык мэриясынан көп деле алыс эмес.
Мүмкүн ары-бери өткөн кызматкерлери деле бул көрүнүшкө күбо болуп жаткандыр. Ал эми жамгыр жаагандагы жагдай аман эле болсун. Шаар ичиндеги арыктар ушундай толуп калгандыктан, жаандын суусу шаардын ичин кыян кылып жиберет. Мындай нааразылыгын шаар тургуну калтырган.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.