Биздин рубрикага жакында эле оңдоодон өткөн Калык Акиев көчөсү аркылуу сызып айдаган айдоочулар, Фрунзе менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишен көп жол кырсыгына кабылып жатканын маалымдашкан. Район жашоочуларынын айтымында аталган кесилиштерде 2 айдын ичинде эле 21 жол кырсыгы катталган.
Бүгүн, 31-августта ушул эле жерден, тактап айтканда Калык Акиев менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен Спринтер менен Хонда стрим үлгүсүндөгү автоунаалар кагышып, жараат алгандарды Тез жардам унаасы алып кеткенин биздин рубрикага маалымдашты.
Бул кесилиштерге тез арада жол чырактарды орнотпосо, дагы деле жол кырсыктары каттала бериши мүмкүн. Ылдамдыкты сүйгөн айдоочулардын айынан бейкүнө адамдар жабыр тартууда.