Кыргызстан Көчмөндөр оюндары менен бир эле түрк дүйнөсүнө гана эмес, ааламда көңүл борборуна алынып, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурууда.
Расмий ачылышынан кийин, Чолпон-Атадагы ат майданында жана Кырчын жайлоосундагы этношаарчада спорттук, маданий иш чаралар ишин баштады.
Бүгүн, этно шаарчадагы негизги маданий иш-чара катары саналган, ""Көчмөндөрдүн алтын доору" театралдашкан салтанаттуу аземдин ачылышы болуп, аны көрүүгө президент Сооронбай Жээнбеков менен алыстан келген сыйлуу коноктор да келишти.
Кыргыз элинин Алтын доордогу жашоосу, каада-салты жана башка элдер менен болгон алакасы, согуштагы жетишкендиктери театралдашып көргөзүлдү.