Беш мамлекеттин арасынан кыргыз бүркүтчүлөрү таптаган бүркүттөр алдыга озуп чыкты. Экинчи орунда Башкыртстан, үчүнчү орунду Казакстан ээледи.
Кырчын жайлоосунда бүгүн салбуурун оюндары бүйүр кызытты. Жаа атуунун 6 түрү боюнча 23 мамлекеттин жаачылары күч сынашты. Тайган жарыштар да көңүл борборунда болду.
Жаачылар биринчи кыргыз бутасына атышты. Аралыгы 35-40 метр. Атаандаштык күч. Анткени, дүйнөнүн мыкты жаачылары келген.
Кырчында салбуурун оюндары бүйүр кызытты. Эл жайлоого жык толду. Тайган агытууга 5 мамлекеттен 18 катышуучу келген.