"Элдик репортер" рубрикасына Кадамжай районунун тургуну төмөндөгү маселе менен кайрылган.
Кадамжайда окуу китептери өтө жараксыз абалда кээ бирлеринде башталгыч барактары да жок, толук жетишпейт. Кадамжай райондук окуу бөлүм башчысы кантип иштеп жүрөт, түшүндүрүү иштерин жүргүзсө болмок мектеп мугалимдери директорлору менен ата энелерге. Балдардын китеп окуу куралдарын жакшы таза сактоосуна көмөк көрсөтүшүнө, мындай иш чараларды жасашпайт да алар. Ушул маселеге тиешелүү мекемелер көңүл буруп коюшун сурайбыз, антпесе балдарыбыз канааттандырарлык билим алуусуна шек жок.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.