“Коопсуз шаар” долбоору боюнча он-лайн акцион жыйынтыкталды
Новость www

POST1RIGHT

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча өткөн он-лайн аукциондун жыйынтыгында орусиянын “Концерн радиостроения "Вега" акционердик коому алдыга чыкты. Бул компания эң төмөнкү сумманы сунуштап, тандоонун биринчи талабын аткарды. 

Мындан тышкары онлайн-аукционго дагы эки компания катышты. Эки сынактын комиссиясы катышкан компаниялардын документтерин иликтеп чыгып, жеңүүчүнү жакынкы күндөрү жарыялайт.

“Коопсуз шаар” долбоорунун баштапкы наркы 2 552 706  240 сом. Онлайн-аукционго долбоор эки лот менен сатыкка коюлду. Тактап айтканда бул сумма тең экиге бөлүнгөн. Бул биринчи кезекте ири ишканалардын үстөмдүк кылуусун жоокко чыгарып сатыкка кичи ишканалардын катышуусун шарттайт.