Элдик репортер: Тендер өткөрүп дагы таза сууга жете алышпаган Жети-Өгүз районунун тургундары
Новость KTRK/videograp

Башка өлкөлөрдө табигый ресурстардын жетишсиздигинен кыйынчылыктар жаралып аткан учурда, биздин өлкөдө турган ресурстарды колдоно албай кыйналабыз. Өлкөбүздөгү эң орчундуу маселелер суу, жол, таштанды экендигин "Элдик репортер" рубрикасына келген көп сандаган билдирүүлөр айгинелеп турат. Суубуз турса, ошол сууну чыпкалап, түтүктөрдү тартып киргизе албайбыз. Жолду эптеп тендер өткөрүмүш болуп коррупциялык жол менен күмөндүү ишканаларга оңдоого берип коебуз. 

Бүгүн дагы Ысык-Көл облусунун тургундары таза суу маселеси боюнча видеол материал жиберишкен. 

Биз Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургундарыбыз. Беш жыл мурун таза суу боюнча тендер өткөрүлгөндүгүнө карабастан, биз азыркыга чейин топо аралашкан кир сууну ичүүгө аргасызбыз. Сууну чакаларга куюп тундуруп койсок астына 3-4 см баткак тунуп калат. Ушунун айынан оорулар дагы көбөйдү, - деп билдирет окурман.

Чындыгында, видеодон даараткана чакасына(унитаз) чөмүчтөп сузуп алчуу баткак толуп, жуунмадан чыккан суу кир экендигин көрүүгө болот. Качан элементардык жакшы жашоого жетебиз? Качан көкөйгө тийген коррупция жоголот?


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.