Кыргызстандын экономикасы 3,5 пайызга өстү
Новость http://www.gov.kg/

Кыргыз өкмөтү  мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы  долбоорлор, айыл чарба  азыктарын экспорттоо, чакан ГЭСтерге инвестиция тартуу боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу парламентке маалымат берди . Ишкерликти  өнүктүрүү  боюнча   нормативдик-укуктук базаны түзүү , атаандаштыкты өнүктүрүү  жана негизсиз текшерүүлөрдү   кыскартуу сыяктуу  иштер жасалууда. 

2015-жылы Кыргызстандын  экономикасы 3,5 пайызга өсүп,  ал   Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттердин ичинен эң жогорку көрсөткүчкө чыкты. Өлкөдө 10 миңден ашык чакан жана орто ишкана ишмердүүлүгүн жүргүздү. Ал эми  жеке ишкерлик менен алектенгендердин саны 300 миңден ашып, бул 2014-жылга салыштырмалуу 4,5 эсеге көбөйгөн. Жалпылап алганда, 2015-жылы Кыргызстан 820 миллион доллар чет элдик инвестиция тартууга жетишти. Ишкерликти  өнүктүрүү жана экспортту колдоо мамлекеттик саясаттын негизги милдети болуп саналат. Бул үчүн нормативдик-укуктук базаны түзүү, жеке менчикти жана инвестицияны коргоо, бизнес үчүн каражаттардын  жеткиликтүүлүгүнө шарт түзүү , валюталык жана фискалдык саясат жүргүзүү  боюнча  бир катар иштер аткарылып жатат.  Ошентип,  дүйнөлүк каатчылык, ЕАЭБге  кирген өлкөлөрдөгү экономикалык өсүштүн  төмөндөшү сыяктуу  кырдаалдарга карабастан, жогорудагыдай өсүш бар POST1RIGHT экендигин белгилеген  премьер-министр  Темир Сариев,  өкмөт каатчылык таасирин азайтуу боюнча чараларды көрүп жаткандыгын айтты.  Бул багытта 2015-2020-жылга карата фискалдык саясат концепциясы кабыл алынды.

Сариев : "1-январдан баштап экспорт үчүн сатуудан түшкөн салык алынды. 1-июлдан  баштап накталай төлөм  сатуудан  түшкөн  салык алынып салынат. Лизинг  компаниялары кошумча нарк, салыгы, сатуудан түшкөн салык жана кирешеден түшкөн  салыктан толугу менен бошотулду. 18-жылдын 1-сентябрына чейин  айыл чарба продукцияларын кайра ишттетүүчү  тамак-аш ишканаларына кирешеден түшкөн салыкты жана жеңилдиктер сакталып  калды". 

Мына ушундай маалыматтардан кийин  эл өкүлдөрү бир катар суроолорун берип, талкууга өтүштү. Депутат Тазабек Икрамов республикалык бюджетке ири салык төлөп, миңдеген кызмат орундарын түзгөн “Дордой”, “Кара-Суу”, “Мадина” базарларындагы ишкерлерге өкмөт тарабынан колдоо аз болуп жатканын белгиледи. Ал эми эл өкүлү Жыргалбек Турускулов ишкерлер кыйналып жаткан жагдайлар тууралуу суроо узатты. 

Ишкерлерге болгон айрым чиновниктердин мамилеси бизнесмендердин келүүсүнө терс таасирин тийгизип жатат деген сын-пикирлер да айтылды. Мындай жагдайда, айрым беренелердин аткарылбай калуу коркунучу  бар экендигин  депутат Иса Өмуркулов белгиледи.

"Инвестиция туруктуулукту,  мыйзамдын иштешин талап кылат, андыктан өкмөт мүчөлөрү бул жагдайга  көңүл буруусу зарыл"- дейт  депутат Мирлан Бакиров .

Эске салсак, Жогорку Кеӊеште өткөн жыйынга премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Г. Усенова, "Биринчи радио"