Россия Кыргызстанга бажы төлөмүсүз бериле турган мунайдын көлөмүн көбөйтүшү мүмкүн. Эки өлкөнүн энергетика министрликтеринин макулдашуусуна ылайык, жыл соңуна чейин дагы кошумча 100 миң тонна дизель жеңилдетилген баада алынат.
Бирок Россияда мунай заводдору дрон чабуулдарына кабылып, ишканаларды оңдоодон улам, өндүрүш үзгүлтүккө учурап жатат. Мындан улам балким күйүүчү май тартыштыгы жаралып, ал жагдай баага таасир этиши мүмкүн экени да эскертилүүдө.
Россиянын бир катар аймактарында бензин тартыш. Ага мунай өндүрүүнүн көлөмү кыскарганы себеп катары белгиленди. Бул баага да таасир этип, жыл башынан бери Россиянын өзүндө бензин 8,5 пайызга, дизель 3 пайызга кымбаттаган. Күйүүчү майды аталган өлкөдөн импорттогон Кыргызстан да баага байланыштуу өзгөрүүнүн таасирин сезип жатат.
Мунай сатуучулар ассоциациясы Россиянын заводдору бензинди Кыргызстанга берген дүң баасын соңку эки айда 15 сомго кымбаттатканын, мындан улам чекене баа 9 сомго чейин көтөрүлгөнүн билдирүүдө. Баа дагы жогорулашы мүмкүн.
Global Petrol Pricesпорталынын 29-сентябрга карата маалыматына таянсак Кыргызстанда бензиндин орточо баасы 78 сом 93 тыйын. Салыштыра турган болсок, дүйнөдө анын орточо наркы 113 сом 66 тыйынды түзөт.
Эң арзан бензин Ливияда, 2 сом 42 тыйын.
Эң кымбаты Гонконгдо, литри 320 сомдон эсептелет.
Коңшу мамлекеттерди карай турган болсок, мунайды өзү өндүргөн Казакстанда 39 сом, Азербайжанда 56 сомдон жогору.
Россияда 67 сом 59 тыйын. Өзбекстанда дээрлик 97 сом.
Грузияда бензиндин баасы 100 сом, ал эми Арменияда 121 сомдон жогору.
Бул бардык маркадагы бензин бириктирилип чыгарылган орточо баа. Ал эми көпчүлүк колдонгон АИ-92 үлгүсүндөгү бензин учурда Кыргызстанда 73 сомдон жогору баада сатылууда. Мунай өндүрбөгөн башка мамлекеттерге салыштырмалуу арзан экенин көрүүгө болот.
Коңшу Өзбекстан менен Тажикстанга салыштырмалуу Кыргызстанда бензиндин баасы туруктуу болгонунун дагы бир себеби, күйүүчү май бажы төлөмүсүз алып келинип жатканында.
Россия быйыл 1 миллион 200 миң тонна мунай продуктун жеңилдетилген шартта берүүдө. Май ташыгандар бул көлөмдү дагы көбөйтүүнү көздөйт. Жыл соңуна чейинки аралыкта алына турган кошумча көлөм боюнча макулдашууларга жетишилип жатат.