POST1RIGHT
Көптү көксөткөн көк бөрү оюну аяктады. 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын курамасы чемпион болду. Финалдык беттеште Кыргызстан Өзбекстан командасын 32:9 упай менен жеңип алды.
Көк бөрүнүн күйөрмандары үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз-казак беттешин күткөн эле. Оюндун талабына ылайык, спортто мыктылар гана аныкталат демекчи, финалдык оюнга Кыргызстан менен Өзбекстандын улакчылары чыгып, биринчилик үчүн бүйүр кызыткан оюн көрсөтүшүүдө.
2-сентябрда башталган III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча мелдештерге 11 командакатышты. Мелдештин байге фонду 6 млн 200 000 сом. 1-орунга 3 млн. сом, 2-орунга 1,5 млн. сом, 3-орунга 1 млн. сом акчалай сыйлык берилди. Андан сырткары “мыкты оюнчу” жана “мыкты аргымакка” 100 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.