Кыргыз спортчулары ат оюндарынан алдыга эч кимди чыгарган жок
Новость www.ktrk.kg

Кыргыз спортчулары быйылкы мелдештерде ат оюндарынын түрлөрү боюнча да алдыга эч кимди чыгарышкан жок. Маселен көк бөрү боюнча кыргыз курамасы ушуну менен үчүнчү жолу чемпион болду. POST1RIGHT

Финалдык беттеште биздин оюнчулар өзбекстандык атаандаштарын 32:9 эсебинде утуп, баш байгеге ээ болушту. Бул эсеп Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тарыхында жана финалдык беттештеги эң жогорку көрсөткүч болуп калды.


Албетте, Өзбекстандын командасы биздин курама үчүн бир топ эле алсыз болуп калды. Бирок ошентсе да финалда Көк бөрү оюну көркүнө чыкты. Кыргыз улакчылары 60 мүнөт убакытта тай казанга 32 улак ыргытышты, бул деген ар бир эки мүнөттө бирден улак салынып турганын билдирет. 


Манас Ниязовдун абада ала салып улак салганы көпчүлүктү суктандырса, дагы бир оюнчубуз чуркап бараткан атка секирип минип, негизи эле бул жолку оюндар көк бөрүнүн падышасы-кыргыздар экенин дагы бир жолу далилдеди.