Борбор калаадагы Ден Сяопин проспектисинен Кудайберген базарына алып барган Патрис Лумумба көчөсүндөгү тротуарды ошол жерде унаа оңдоп же унаа тетиктерин саткандар ээлеп алышкан. Аларга кирип-чыккан автоунаалардын айынан эл тротуар менен эмес жолду айланып өткөнгө туура келет.
Бирок ал жер көпчүлүк үчүн кооптуу, анткени базарга каттаган унаалардын агымы үзүлбөйт. Ошол эле көчөнүн ылдый жагында №83 орто мектеп дагы бар. Окуучулар дагы айласыз жолдун ичине түшүп басууга аргасыз. Эгер тиешелүү мекеме буга чара көрүп, тротуарды эл үчүн бошотуп беришпесе, бирде болбосо бирде кырсык катталып калышы мүмкүн,- деп кайрылат ошол райондун жашоочусу.