Элдик репортер: Эптеп төшөлгөн асфальт четинен оюла баштады
Новость KTRK/videograp

Алай районунун Дароот-Коргон айылынын бир нече көчөлөрүнө быйыл асфальт төшөп кетишкен. Бирок жолдун сапатсыз курулганы азыртадан эле көзгө түшө баштаган. Жакында эле эптеп-септеп төшөлгөн асфальт четинен оюла баштады. Мындай маалыматты айыл тургуну жөнөткөн. 

Биздин угушубузга караганда 3 чакырым жерге 8 миллион акча каражаты которулган экен.  Акчаны го алышты, ал эми сапатына качан көңүл бөлүшөт?