Элдик репортер: Мукабада бекер таратылат деген окуу китеби окуучуларга акчага сатылууда
Новость KTRK/videograp

Быйыл деле жылдагы көрүнүш кайталанып, Билим берүү министринин акча алынбайт, акысыз болот дегени жерде калып, окуу башталгандан тартып, акчанын тизмеги ата-энелерге берилүүдө. 

Муну ар бир баласы мамлекеттик мектепте окуган ата-эне тастыктап бере алат. Бул көрүнүш айрыкча шаар жергесинде күч алган. Мектептеги окуу башталбай жатып, окуучулардын билими эмес, акча чогултуунун шартын түшүндүрүүгө шашышат.

Шаар эле эмес акча чогултуу айыл жергесинде да башталгандай. Бизге маалымат жөнөткөн окурмандын айтуусунда мукабасына бекер таратылат деген окуу китебин балдарына 160 сомдон сатып алып жатышкан. Кыргызстандагы мындай билим берүүдөгү башаламандык менен ким күрөшөт?