Окуу жылы башталбай жатып, акча сураган мектептер ата-энелерди түйшөлтө баштады. Жылына окуу жылынын алдында акча алынбайт деген убадалар жерде калып, мектеп босогосун аттай электе акча тизмегин колго аласың.
Биздин рубрикага окуу жылы башталган күндөн тартып, мектептеги акча чогултуулар боюнча маалымат жөнөткөндөр көп болууда. Бул жолу Сокулук районундагы Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы лицейде эсепсиз акча чогултуулар болуп жаткандыгы айтылат.
Айла жок жакын болгондуктан ушул жерден окутууга туура келет. Бир үйдөн 3-4 балдары окугандар бар. Окуган китептеринен тартып, жеген тамагына чейин төлөп беребиз. Мындан тышкары дагы башка нерселерге берип турабыз.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.