POST1RIGHT
Саламаттык сактоо министрлиги бала сатуу ишин териштирет. Маалыматтарга караганда Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте бала сатууга шектелип колго түшкөн дарыгерлердин ишинин чоо-жайын азырынча тактай элек. Териштирүү аракеттери 10-сентябрда башталарын министрдин орун басары Мадемин Каратаев айтты. Эске салсак, баш калаадагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген гинекологдор, бала сатууга шектелип 7-сентябрда кармалышкан. Алар экөө экени кабарланганы менен Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы шектүүлөрдүн бири убактылуу тергөө абагына киргизилгенин билдирген. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын аты-жөнү жана алар иштеген медициналык мекеме тууралуу маалымат ачык айтылган жок.
Кыргызстанда ымыркайды соодалоо менен шугулдангандардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси -"Адам сатуу" боюнча кылмыш иши ачылат. Ага ылайык, айыбы аныкталган адамдын мүлкү конфискацияланып, он жылга чейин камалат.