"Элдик репортер" рубрикасы ачылгандан бери тынымсыз келип жаткан кабарлардын бири жол маселесине байланыштуу. Бишкек шаарынын айланасындагы айылдар да мындай көйгөйдөн алыс эмес.
Аламүдүн районунун Арчалы айылына каттаган жолду жайында ар туш келди жерин казып кеткен бойдон, кайра ичин толтура элек. Мунун айынан быйыл ушул жолдо адам өмүрүн алган жол кырсыктары дагы катталып жатат. Жылына ушул көрүнүш. Жок дегенде тешип кеткен жерлерин бүтөп беришсе жакшы болот эле,- деп кайрылат айыл тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.