Элдик репортер: Санариптин айынан Көчмөндөр оюндарын көрө албай калдык
Новость KTRK/videograp

Кыргызстан санарипке өткөнүнө 1 жылдан ашса дагы, көпчүлүк жерлерде сигнал жакшы алынбай, коомчулук сыналгыны көрө албай калышты. Айласыздан түштүк жергесинде өзбек каналдарын, ал эми түндүк аймакта казак каналдарын көрүүгө туура келет. 

Дүйнөнү дүңгүрөткөн Көчмөндөр оюндарын барып көрө албагандар, сыналгыдан көрөбүз деген үмүтү да таш капты. Анткени санариптин сигналы жетпеген аймактарда бирде тартса бирде тартпай же таптакыр көрсөтпөй да калат. 

Бул жолу кайрылууда санариптин айынан кыйналып, көптөн күткөн Көчмөндөр оюндарын көрө албай калган Сокулук районунун Шалта айынын тургундары санарипти жөнгө салууну суранат.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.