Жети-Өгүз районунун Тосор айылындагы Абдыш көчөсүнүн так ортосунда ийилген эски жогорку чыңалуудагы электр түркүгү бар. Орто жолдо орнотулуп, кооптуулук жараткан бул түркүк тууралуу буга чейин электр тармагын тейлеген тиешелүү адистери менен жетекчилерине чейин кайрылганбыз. Бирок маани берип, аракет кылган адам болгон жок.
Окурмандын айтуусунда жолдун ортосунда орун алган электр түркүгү эскилиги кетип, чирип араң эле турат. Бул жерден күнүгө ондогон окуучулар, тыным албаган айыл тургундары жана мал айдагандар өтөт. Айыл эли үчүн кооптуулукту жараткан бул түркүктү тез арада ордун которуп алмаштырып беришсе деген үмүт менен кайрылат айласы кеткен айыл тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.