Элдик репортер: Жолду таарытып мыйзамсыз түшкөн дүкөндөр
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына шаар тургуну төмөндөгү маселе менен кайрылган. 

Бишкек шаарындагы Ибраимов(Правда) — Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз курулган дүкөндөр. Жолду таар кылып жатат. Эки унаа батпайт бул жолдон.  Бул дүкөндөрдүн артында эки бала бакча бар. Кокус өрт чыгып кетсе, өрт өчүрүүчүлөр кантип кирет. Муну Мамэкотехинспекция кызматкерлери бир чара көрсө жакшы болмок эле,-дейт окурман.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.