Сугат суу туура бөлүштүрүлбөй жана жетишсиз болуп, жаз алды менен күнү-түнү айдоо аянтында мээнет кылган айрым дыйкандардын мээнети текке кетти. Айрымдары аяндоо жерлерин ижарага алып, үстүнөн пайда табабыз деген үмүттөрү таш каап, өзүнүн акысын актап бергенге да жараган жок.
Биздин рубрикабызга сугат суунун айынан кыйналган дыйкандардын атынан келген да кайрылуулар көп.
Бул жолу Ак-Талаа районунун Баетов айылынын дыйканы Тентиев Токтобектин атынан келген. Анын айтымында акыркы жолу суу 7-майда берилип, биринчи чабыгын сугарып алганга жетишкен. Ал эми андан кийинки чабык суунун жоктугунан чөп жайдын саратанында күйүп кеткен.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.