Элдик репортер: Каршы тилкеде сызган айдоочулар
Новость KTRK/videograp

Бишкекте автоунаанын көптүгүнөн борбордук көчөлөрдө тыгын болгон учурлар күнүгө катталат. Ал эми тыгында калган, чыдамы жок айдоочулар каршы тилкеде айдоону эп көрүшөт. 

Кыргызстанда акыркы жылдары жол кырсыктары көп катталып, эреже бузгандарга мыйзам күчтөндүрүлгөнү менен каалаганын кылган айдоочулар четтен саналат. Атайын жүргүзүлгөн рейдде эле күнүгө жүздөгөн эреже бузуулар же мас абалында рулда жүргөндөр буга далил эмеспи.

Бул жолу биздин рубрикага каршы тилкеде жүргөн Honda HR-V үлгүсүндөгү S9460N номерлүү автоунаанын видеосу  жөнөтүлгөн. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.