"Элдик репортер" рубрикасына шаар тургуну Чапаева жана Орджоникидзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги каралбаган сейил багы жөнүндө видео материал келген.
Бул сейил багы такыр каралбай калды. Ичине көчө шыпыруучулар да киришпейт. Канча күн болсо да таштанды чыгарылбайт,- деп билдирген окурман. Чындыгында, видеодон таштанды урнага батпай, ашып жерде жаткандыгын көрүүгө болот, а таштанды урналарынын бир эмес бир канчасы турат. Таштандыдан кандай жыт чыгаарын, кандай оору козгоочу микробдор бар экендигин айтпасак да белгилүү болсо керек.
Сейил бакта балдар ойноочу аянтча болгондуктан, жакын жашаган тургундардын баарынын балдары ушул жакка келип ойношоорун да кошумчалаган окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.