Жаңы окуу жылынын башталышы менен ата-энелерди түйшөлтүп, мектептеги акча чогултуулар көбөйдү. Айрыкча ар бир окуучуну милдеттеме кылган мектеп фондуна келгенде кыйынчылык жаралат.
Анткени айрым үй бүлөнүн экиден, үчтөн же андан дагы көп окуган балдары бар. Мындай сумманы мектепке төлөө ар бир ата-эненин эле чөнтөгүнө туура келе бербейт. Бирок бул нерсе көп жылдан бери бир эле мектептерде эмес бала бакчага чейин милдеттүү түрдө төлөнүп калган. Баары келип-келип өкмөттүн мектептин керектүүсүнө бюджеттен акча бөлүнө албаганына шылтоолонот.
Ал эми, Сокулук районунун Раздольный орто мектебинде окууга жараксыз китептерди таратканы аз келгенсип, мектептин фондуна зорлоп кой койдуруп жатышканы тууралуу биздин рубрикага маалымат жөнөтүшкөн.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.