Элдик репортер: "Ош" базарынын айланасындагы башаламан соода-сатык
Новость KTRK/videograp

Борбор калаадагы элдин каттамы таңдан түн киргенге чейин үзүлбөгөн "Ош" базарында жана анын айланасындагы көчөлөрүндөгү башаламан түшкөн соода-сатыктардан бир убакта арылып, кенен басып калдык эле. Бирок бул нерсе көпкө созулган жок. 

Учурда базардын айланасындагы башаламан түшкөн соода-сатык жайлары тротуардын ортосуна чейин чыгып кетишкен. Бир тилкеде каршы келе жаткандар менен кезектешип өткөн абалга туш болдук. Бишкек шаарынын мэриясы мындай нерселерге кайрадан көңүл буруп, көзөмөлгө алат деген ишеничтебиз,- дейт маалымат жөнөткөн окурман.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.