Элдик репортер: Элди көзгө илбей уят сөздөр менен сөгүнгөн маршруттук таксинин айдоочусу
Новость www

Улуу адамдар заман бузулду дегени чын эле, бири-бирин сыйлаган адам жок азыр. Ар бири эле өзүм деген алдым-жуттум заман. Ар бири эле кыйын. Эл көзүнө эле эмес, а чыныгы маданияттуулук издеп тапкыс касиет болуп бара жатат. Бул жолу да "Элдик репортер" рубрикасына шаар тургуну салон толо элди көзгө илбей телефон менен бирөөнө уят сөздөрдү айтып, урушуп бара жаткан 212 маршруттук таксинин айдоочусун видеого тартып жиберген. 

Мындай көрүнүштөргө эмне түрткү болуп жатты экен? Сөгүнгөн, түкүрүнгөн модага айланып бара жатабы?  


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.