Ош шаарына караштуу Жапалак айыл аймагы таштанды көйгөйү менен алышканына көп болду. Буга чейин биздин рубрикага айыл четиндеги таштандылар өрттөлүп, жакын жайгашкан үйлөрдү түтүн каптап, ышка бөлөнүп жаткандыгы тууралуу кабарланган эле. Бул жолу айылыбыз агала кагазга толуп кетти деген маалыматы менен кайрылышкан.
Айыл ичин аралаган Ош шаарынан Ноокатка чейинки борбордук көчө Тазалык ишканасынан кийин даарат кагазга толуп калат. Мындай жагдай көнүмүшкө айланып баратат. Ишкананын кызматкерлери артык кылабыз деп, ашмалтайын чыгарып жатышат.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.