"Элдик репортер" рубрикасына Чаткал районунун Терек-Сай айылынын тургуну жашоочулардын кайдыгерлигинен чогулган таштандынынын ден-соолукка тийгизип жаткандыгы зыяны жөнүндө маалымдама жиберген.
Айыл өкмөтү карабайт. Эл болсо таштандысын каалаган жерине төгүшөт. Тоо-таштын, сайдын бою болгон жерде таштанды. Биздин айылдан агып өткөн сайдан сууну дагы канча айылдын жашоочулары ичишет, ойлонуп да коюшпайт. Желим баштыктар шамалда нары-бери учушат, сууга түшүп тоодон агып келе аткан таза сууну булгашат, - деп билдирген окурман.
Башка өлкөлөр кумдуу чөлдү жашылдандырып жатышса, биз көрктүү жаратылышыбызды коргогонду качан үйрөнөбүз?
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.