Элдик репортер: Суу өткөрөбүз деп талкаланган Киров көчөсү качан оңдолот?
Новость KTRK/videograp

Талас шаарындагы Киров көчөсүн мындан  2-3 жыл мурун суу түтүктөрүн алмаштырабыз деп казып кетишкен. Өз милдетинен кутулгандан кийин, тамтыгы чыккан жолду кайра жок дегенде түздөтүп коюуга эч ким башын ооруткусу келген жок. 

Ортодо карапайым калк эле кыйынчылык тартып жатабыз. Жамгырдан кийин ылайга оролсок, калган күндөрү бозала чаңдын арасында жашап жатабыз. Аңгыл-дөңгүлү көп жолдон каттаган унаалар калдырап бүттү,- деп маалымат жол оңолуп калабы деп үмүттөнгөн айыл тургундары



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.