"Элдик репортер" рубрикасына Ош шаарынын тургуну тротуарды ээлеп, элдин өтүүсүнө тоскоол жаратып жаткан унааларды видеого тартып жиберген.
Ош шаарынын Шакирова көчөсүндө "Шербет" деген кафе ачылган. Бул жакка келген унаалар тротуарды ээлеп алышат. Адам баса турганга жол жок. Жергиликтүү тургундар бул маселе боюнча тийиштүү органдардан чара көрүүнү суранышты.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.